Трамп АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы боюнча чечим кабыл алды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жаңы администрациясында сенатор Марко Рубиону мамлекеттик катчы кылып дайындоону сунуштаганын Associated Press билдирди. Бул кызматты учурда Энтони Блинкен ээлейт.

"Ал биздин өлкөнүн күчтүү коргоочусу, биздин союздаштарыбыздын чыныгы досу жана биздин душмандардан эч качан артка чегинбеген тайманбас жоокер болот", - деп билдирди агенттик.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, Рубиону мамлекеттик катчылыкка тандоо Трампка Сенатта эки партиянын колдоосун алууга мүмкүндүк берет.

Америкалык маалымат каражаттары буга чейин Трамп мамлекеттик катчылыкка Рубиону тандаганын жазып чыгышкан. Атап айтканда, The Washington Post жана Financial Times гезиттери 12-ноябрда болочок президент сенаторго бул кызматты сунуштаганын жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан