Казакстандын түзөтүү комитети Бишимбаев жаткан колониянын атын айтуудан баш тартты

Казакстандын Кылмыш аткаруу тутумунун комитети соттолгон экс-министр Куандык Бишимбаев жаза өтөп жаткан колониянын атын атаган жок. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Буга чейин соттолгон адамдын жактоочусу Ерлан Газымжанов Бишимбаев Степногорск шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта экенин билдирген. Ошол эле маалда маалымат каражаттарында Куандык Бишимбаев Степногорск шаарындагы 5-мекемеде жазасын өтөп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Аталган комитет Tengrinews.kz редакциясынын расмий суроосуна жооп кылып, бул маалыматты жарым-жартылай тастыктады, бирок конкреттүү колониянын атын атаган жок.

Комитеттин айтымында, Куандык Бишимбаев учурда колонияда иштебей эле.

Эске салсак, буга чейин интернет желесинде Бишимбаевди Казакстандын колонияларынан таппай жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан. Айрым маалымат каражаттары ал жаза мөөнөтүн Степногорск же Аршалыда өтөп жатат деп божомолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан