ФИФА футболго жаңы эрежелерди киргизиши мүмкүн

Эл аралык футбол ассоциациясы (ФИФА) футболго жаңы эрежелерди киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Тагыраагы, ФИФА оюн учурунда башкы машыктыруучунун мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз таасир этүүчү Football Video Support (FVS) тутумун кошууну пландоодо. Анда машыктыруучу оюндун калысы ката кетирди деп эсептесе, калыстын кайсы бир эпизоддун кайталанышын карап чыгууну эки жолу сурай алат.

Бул VAR системасына эле окшош болот. FVS менен VARдын негизги айырмасы команданын машыктыруучусунун өтүнүчүнөн кийин калыс өзүнүн алгачкы чечими туура же туура эместигин өзү гана чечет. VAR бул процесске кийлигишпейт.

FVS системасы буга чейин 2024-жылы U17 жана U20 аялдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда колдонулган. Андан соң жаңы бул системаны колдонуу Эл аралык футбол ассоциациясынын кеңеши (IFAB) тарабынан жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан