Ооганстанда адам өлтүрүүгө айыпталган жаран элдин көзүнчө дарга асылды 

Ооганстандын Гардез шаарында киши өлтүрүүгө айыпталган адамды эл алдында дарга асышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Андагы маалыматка караганда, өлүм жазасы кечээ, 13-ноябрда стадионго жыйналган миңдеген адамдын көзүнчө аткарылган. Анда айыпталуучунун көкүрөгүнө үч жолу тапанча менен ок атылган. Өлүм жазасын жабырлануучу тараптын өкүлү ишке ашырган.

Ал эми Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтүнүн Жогорку соту "маркум шариятка ылайык жазасын алды" деп билдирген. Дарга асуу жараянына өлкөнүн ички иштер министри Сиражуддин Хаккани да катышты.

Белгилей кетсек, Ооганстанда киши өлтүрүүгө өлүм жазасы, уурулук жана талап-тоноочулук кылгандарын колу-буту кесилген жаза каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан