Бразилиянын баш калаасында Жогорку соттун имаратынын жанында эки жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, натыйжада бир адам каза болгон. Сот жайгашкан аймак курчоого алынып, адамдар имараттан чыгарылды.
Соттун жанында өлкөнүн Улуттук Конгрессинин депутаттар палатасы да жайгашкан. Күбөлөр унаа жарылганга чейин 20 секунд аралыкта эки катуу үндү укканын айтышкан.
Metropoles агенттиги окуянын күбөлөрүнө шилтеме жасап, күбөлөр жардыргыч затты жардырган адамды көрүшкөнүн жазышты. Ал сот имаратынын алдындагы айкелге жардыргыч зат ыргытууга аракет кылганы айтылууда.