Кыргызстандыктар январда жети күн эс алышы мүмкүн

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрү болушу мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору кечээ, 13-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Белгилей кетсек, бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.

Ал күндөрү төмөндөгүдөй жылдырылат:

  • 2-январдагы дем алыш - 11-январь иш күнүнө;
  • 3-январь дем алыш - 24-февраль иш күнүнө;
  • 6-январь дем алыш - 10-март иш күнүнө.

Ошондой эле Эмгек министрлиги иштеп чыккан токтом долбоорунда 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгилөө сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан