Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү болуп акыркы 3 жылда 56 курулуш иштерине капсула салышканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышы боюнча жана "2025-жылдагы бюджети, 2026-2027-жылдарга карата пландык көрсөткүчү жөнүндөгү" мыйзам долбоору тууралуу отчёт берип жатып билдирди.
"Президент, мен, Камчыбек Кыдыршаевич, Бакыт Төрөбаев болуп жалпысынан 56 жерге расмий капсула салыптырбыз. Мурункулардан айырмаланып, бардык салынган капсулалардын 92 пайызында курулуш иштери кызуу жүрүп, четинен бүтүп жатат. Ошол эле учурда капсула салбасак дагы, 100 эсе көп жумуштар жүрүп жатканына күбө болуп жатасыздар", - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Жапаров Асман шаарынын курулушу кийинки жылы башталарын, 480 миллион долларлык каржылоо булактары аныкталганын кошумчалады.