Жапаров өлкө мектеп курууда Совет мезгилинен ашып кеткенин айтты

Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү мекемелери рекорддук санда курулуп жатканын билдирди. Ал Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышы боюнча жана "2025-жылдагы бюджети, 2026-2027-жылдарга карата пландык көрсөткүчү жөнүндөгү" мыйзам долбоору тууралуу отчёт берип жатып, 3 жыл ичинде 320 билим берүү объектиси салынганын айтты.

"Анын ичинде 268 мектеп, 52 бала бакча бар. Салыштыра кетсек, 1986-жылы СССР дүңгүрөп турган кезде 43 мектеп эле курулуп ишке берилген экен, биз болсо былтыр 143 мектепти ишке киргизип, 16 бала бакча салдык. Быйыл 190 мектеп, 110 бала бакчанын курулуштары кызуу жүрүүдө", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан