2025-жылы өлкөдө 8 миллион китеп басылып чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү, 14-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Айтымында, мектептеги китеп көйгөйү 2026-жылга чейин толугу менен чечилет.
"2025-жылга 2 миллиард сомго чейин каражат булактарын таап бүттүк. 2025-жылы 8 миллион китеп басылып чыгарылат. Бул көйгөйгө чекит коёбуз деп ишенем", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал мугалимдердин билимин тереңдетүү жана тажрыйбасын арттыруу максатында ноутбуктар берилерин кошумчалады.
"Ар бир мугалимге күн сайын өз билимдерин тереңдетүү үчүн жана Кыргызстан менен чектелбестен, дүйнөнүн алдынкы мугалимдеринин тажрыйбасын жана практикаларын үйрөнүүгө күнүнө эки сааттан кем эмес убакыт бөлүү үчүн персоналдык ноутбуктарды берип жатабыз. 2025-жылдын февраль айында биринчи этапта 27 миң ноутбук мугалимдерге таркатылат. Андан кийинки этапта 70 миңге чейин жеткирип беребиз", - дейт МинКаб башчысы.
Айта кетсек, Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин республикалык бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышы боюнча жана "2025-жылдагы бюджети, 2026-2027-жылдарга карата пландык көрсөткүчү жөнүндөгү" мыйзам долбоору тууралуу отчёт берип жатат.