Кыргызстанда жаштардын көбү уюшкан кылмыштуу топко караганда спортко кызыккан жаштардын саны өсүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Маданият жана спорт тармагына дагы биз өзүбүздүн салып жаткан салымыбызды көбөйтө беребиз. 2021-жылы бул жаатка көлөм кескин түрдө өсө баштаган.
Камчыбек Кыдыршаевич коррупциялык көрүнүштөрдүн баарынын бетин ачып, уюшкан кылмыштуу топко каршы катуу күрөштү жүргүзүп жатат. Эми болсо балдарыбыздын ден соолугу чың болушу үчүн спортту күчөтүүдө. Өлкөдө бир катар спорттук объектилер салынып, оңдоолор болуп жатат. Жаштар арасында бандиттерге кызыгуу эмес, футболчу болом, космонавт болом, инженер болом дегендер көбүрөөк боло баштады", - деди Жапаров.