Бул жолу SUPER.KG порталынын Ютуб каналында конокто блогерлер Мадалена Абдрахманова жана Акылай Жумабекова болду.
Маектин жүрүшүндө алар кайын журт, келин, жубайлардын ортосундагы мамилелер тууралуу айтып, жаңылыктары менен дагы бөлүшүп өтүштү.
Белгилей кетсек, жакында эле Акылай менен Мадалена “Абысынки” аттуу тасмага тартылышкан.
"Өзүбүзгө берилген каарманды толук сиздерге жеткирип бергенге аракет кылдык. Биздин жолдошторубуз кинодо дагы жолдошубуздун ролун аткарышат. Киного тартылганыбыз үчүн гонорар алган жокпуз", - деген алар.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.