БАЭ - Кыргызстан беттешин кайсы өлкөнүн калыстары тейлээри белгилүү болду

Бүгүн, 14-ноябрда 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында өтө турган БАЭ - Кыргызстан беттешин Омандын калыстар бригадасы тейлейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФИФА калысы Ахмед Аль Каф бригаданы жетектесе, ага сызыктарда Абу Аль Амри жана Рашид Аль Гаити жардам беришет. Ал эми Касым Аль Хатми резервдик арбитр болуп дайындалды.

"VAR-системасында кувейттик адистер Абдулла Жамали жана Абдулла Араб иштешет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оюн бүгүн Абу-Даби шаарындагы 42 миң көрүүчү бата турган "Mohammed bin Zayed" стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 20:15те жаңырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан