Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин пенсиясын жогорулатуу боюнча маселени көтөрдү.
Ал билдиргендей, эл өкүлүнө аталган маселе боюнча көптөгөн ардагерлер кайрылып жатат.
"Укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин пенсиясы жогорулатылса жакшы болот эле", - деди депутат.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров пенсия боюнча маселе өкмөттө каралып баштаганын айтты.
"Буюрса, пенсия боюнча маселени карап баштадык" деди ал.