Акылбек Жапаров Ысык-Көл эмне себептен соолуп жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө куя турган суулар айыл чарбасына пайдаланып кетип жатканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Каркырадагы суу келбей жатат. Кочкордун суусу дагы көлгө куйчу, анан бир топ өйдө жактагы суулар да айыл чарба иштерине колдонулуп кетип жатат. Биз Ысык-Көлдү сактоо боюнча уюштулуп жаткан конференцияда өзүбүздүн көз караштарыбызды айтабыз. Орусиядан, дүйнөдөн окумуштууларды дагы чакырып жатабыз. Биз көлдү Арал деңизиндегидей абалга жеткирбешибиз керек. Казак, өзбек туугандарга түшүндүрүп жатабыз", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан