Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков өкмөт алгылыктуу иш жүргүзүп жатканын айтты.
Ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун депутаттарга берген отчётуна жогору баа берип, мэрди алкаганы "мэмге" айланганын эске салды.
"Акылбек Үсөнбекович, бүгүн сизди кофеси жок эле мактайын. Баягыда шаардын мэрин кофе менен мактап коём деп аябай "мэм" болдук. Бүгүн абайлап мактайын", - деди Таштанбеков.
Эске салсак, Таштанбеков 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек калаасынын мэри Айбек Жунушалиевди шаар ичиндеги жолдор сапаттуу бүткөнү үчүн мактоого алган. Ал унаасынын үстүнө унутуп калган кофеси төгүлбөй келгенин жолдун түздүгүнөн деп баа берген болчу.