Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун ичиндеги ашканадан өрт чыкты. Мындай маалыматты ӨКМ бүгүн, 14-ноябрда билдирди.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 11:12де Биринчи май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:58де толук өчүрүлгөн.