Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго энелердин атынан ыраазычылыгын билдирип, келинчеги 6-баланы төрөп берерин кошумчалады.
"Акылбек Үсөнбекович энелердин атынан жаңы төрөгөн энелерге бир жолу берилүүчү жөлөк пул боюнча ыраазычылык билдирип кетет элем. Алар эмес мен деле ыраазычылык билдирет элем. Анткени мен беш балалуумун. Аялым айтып жатат 6-баланы төрөп берейин деп", - деп күлдүрдү жыйындын катышуучуларын.