Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, бийликтин кийлигишүүсүсүз өтөрүн билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Шайлоого катышуу үчүн бараткан партияларды, талапкерлерди текшердик. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгон. Башка талапкерлердин арасында дагы болушу мүмкүн. "Баарын 100 пайыз тазаладык" деп айтуу кыйын экен. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын", - деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК жетекчиси шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертти.