Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго "ак боз ат мингизем" деген убадасын аткара албастыгын билдирди.
Ал муну "мыйзамга туура келбей калчу иш" деп түшүндүрдү.
"Мындан 3-4 жыл мурда мамлекеттин ушундай деңгээлге жетишине эч кимдин көзү жетпейт эле. Мен дагы Акылбек Үсөбековичке "бюджетти 400 миллиард сомго жеткириш кыйын. Эгер сиз жеткирсеңиз ак боз ат мингизем" деп сын айткам. Бирок мына сиз сөзүңүздү аткарып 700 миллиард сомго жеткирип жатасыз", - деди Бердиев