Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыргызстандыктарды чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырды.
"Акыркы учурларда Армения, Абхазия, Орусия өңдүү чет өлкөдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовдору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлар аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдын унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.
Мындай фактыларга жол бербөө максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөбүздөгү чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Бажы кызматы, Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын дагы жүргүзөрүн алдын ала эскертет", - деп билдиришти ЖКККББдан.