Армениянын премьер-министри Никол Пашинян имиджин өзгөрттү (видео)

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн имиджин өзгөртүүнү чечип, сакалын алды. Ал келбетинин өзгөргөнүн тасмага тартып Telegram каналына киргизген.

Видеодо өкмөт башчысы алгач сакал-муруту менен чыгып, бир аздан кийин сакалын алып салганын көрсөткөн. Андан соң камерага көзүн кысып койгонун байкоого болот.

Айрым чет элдик басылмалар Пашинян 2018-жылы Армениядагы нааразылык акциялар учурунда сакалын өстүрө баштагандыгын айткан. Митингден улам ошол кездеги премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кеткенден кийин ал бийликке келген.

Армениянын премьер-министри өз имиджин өзгөрттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан