Индиянын Гуджарат штатында үй-бүлө мүчөлөрү 2006-жылдан бери аларга ишенимдүү кызмат кылып келе жаткан Maruti Suzuki WagonR унаасы менен коштошуу жөрөлгөсүн уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Унаанын ээлери бул компакттуу фургонду ийгиликтин жана жакшы эскерүүлөрдүн булагы деп эсептеп, аны кайра иштетүүгө бербей, бүтүндөй көмүү аземин уюштурууну чечишкен.
Автоунаа менен коштошуу үчүн 1500дөй адам чогулду. Унаа мариголд гүлдөрүнүн гирляндалары жана роза гүлдөрү менен кооздолгон, андан кийин 4 жарым метрдей тереңдиктеги чуңкурга түшүрүлгөн.
Үй-бүлө унаасы жакшы элестерди калтыруу үчүн көмүлгөн жерге бак отургузууну чечишкен.