Ирандын баш калаасы Тегеранда коомдук жайларда башын жабуу мыйзамын бузуп, жоолугун чечкен аялдар үчүн “психологиялык клиника” ачылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бул маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле хиджабды чечүүгө болгон каалоону илимий жана психологиялык жактан дарылоого аракет кылат", - деп билдирди Мехри Талеби Дарестани Изгиликти жайылтуу жана алдын алуу боюнча штабдын Аялдар жана үй-бүлө бөлүмүнүн башчысы.
Маалым болгондой, клиникада болуу ыктыярдуу болуп, ал жерде аялдар гана эмес, диний талаптарды бузган өспүрүмдөр жана эркектер да дарылана алышат.
Эске салсак, буга чейин Ирандын Тегеран шаарында туура эмес кийингени үчүн коопсуздук кызматкерлери тарабынан сабалган кыз жылаңачтанып алып көчөгө чыккан.
Кийинчерээк ал кыз психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөтүлгөнү маалым болгон.