Аскар Акаев Москвада 80 жылдык мааракесин белгилөөдө

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Москвада 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. Мурдагы президент Фейсбуктагы баракчасына маарекенин программасы менен бөлүштү.

Программа боюнча 12 жана 13-ноябрда М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде салтанаттуу кабыл алуу жана илимий кеңешме өткөргөн. Кечээ, 14-ноябрда анын “Илим жана саясаттагы жашоом” аттуу жаңы китебинин бет ачары болуп өттү.

16-ноябрда ал Москвадагы мекендештери менен жолугушууну пландап жатат, ал эми 20-22-ноябрда Санкт-Петербургда анын 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан