19-23-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
"Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бокс федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- эркектер: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 килограммга чейинки салмакта;
- кыз-келиндер: 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 81, +81 килограммга чейинки салмакта.
Мелдеш 19-ноябрда саат 12:00дө башталат.