Миллиардер Илон Маск Ирандын БУУдагы өкүлү менен жолугушту

Америкалык миллиардер Илон Маск Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Нью-Йоркто жашыруун шартта өтүп, бир сааттан ашык убакытка созулган.

Жолугушуунун негизги темасы Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну азайтуунун жолдорун талкуулоо болгон. Иран тарап жолугушууну "позитивдүү" деп баалады.

Трамптын өкүлдөрү жолугушуу тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Талдоочулар Иран жаңы администрация менен дипломатиялык диалог мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракет кылып жатат деп эсептешет.

Эске сала кетсек, Трамп буга чейин дүйнөнүн эң бай адамы болгон Илон Маскты өкмөттөгү жаңы департаментке төрага кылып дайындоо ниетин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан