Жаңы Зеландиянын парламенти талаштуу мыйзам долбоорунун биринчи окуусунда маори депутаттары аткарган ритуалдык хака бийине байланыштуу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жайылууда.
Маалым болгондой, документте бардык жаңы зеландиялыктардын мыйзам алдында тең укуктуулугун бекемдөө сунушталат, бирок жергиликтүү маори элинин өкүлдөрү азыркы статус-квону алда канча алгылыктуу деп эсептешет.
Айтмакчы, мындай бий бул өлкөнүн парламентинде маал-маалы менен болуп турат.