Пентагон АКШ армиясында өз жанын кыйган аскер кызматкерлеринин саны көбөйгөнүн билдирди

АКШ армиясында өз жанын кыйган аскер кызматчыларынын саны өсүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун (АКШнын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы) билдирүүсүнө таянып жазды.

Анда маалымдалгандай, былтыркы жылы 523 аскер кызматкери өз жанын кыйган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн ашкан. Ал жылы 493 аскер адамы өз өмүрүнө кол салган.

Ошондой эле маалыматта мындай жолго жаш жоокерлер көп барып жатканын белгиленет. Пентагон аскер кызматкерлеринин өлүмгө барышына эмне түрткү болуп жатканын ачыктаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан