Майк Тайсон беттештин алдында Жейк Полду жаакка чаап жиберди (видео)

58 жаштагы легендарлуу боксчу, мурдагы оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсон менен 27 жаштагы шоумен Жейк Пол беттештин алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрүштү.

Таразага түшүүдө Майк Тайсон атаандашынан жарым килограмм оор болуп чыкты.

Таразадан өткөндөн кийин Майк Тайсон менен Жейк Пол көз караш таймашын өткөрүшү керек. Бирок алар бетме-бет келери менен Тайсон Полду бетке чаап жиберди. Жыйынтыгында бул окуяга коопсуздук кызматкерлери аралашты.

Майк Тайсон менен Жейк Полдун беттеши бүгүн, 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү АКШнын Арлингтон шаарында өтөт.

Майк Тайсон атаандашын жаакка чаап жиберди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан