Япониянын ханбийкеси Юрико Микаса 101 жашында көз жумду

Япониянын принцессасы Юрико Микаса 101 жашында көз жумганын NHK Япониянын Императордук үй кеңсесине шилтеме кылып билдирди.

Юрико Микаса ханзаада Такахитонун жесири, император Хирохитонун иниси – азыркы монарх Нарухитонун чоң атасы болгон.

Маалым болгондой, ханбийке Юрико март айынан бери Токио клиникаларынын биринде оор абалда жаткан. Андан дарыгерлер инсульт жана аспирациялык пневмониянын белгилерин аныкташкан.

Юрико Микаса 4-июнда 101 жашын белгиледи. NHK ханбийкенин өлүмү анын күйөөсү ханзаада Такахито сегиз жыл мурун каза болгондон берки императордук үй-бүлөдөгү биринчи жоготуу болгонун белгиледи. Юрико каза болгондон кийин императордук үй-бүлө 16 кишини түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан