Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Бишкек шаарында тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү борбор калаада муктаждык болгонуна байланыштуу тергөөчүлөрдүн санын 3 эсеге көбөйтүү керек дейт.
"Бишкек шаары бүгүнкү күндө АТРдин (административдик-аймактык реформа) негизинде аймагы чоңойду. Ошол эле убакта Башкы прокуратурадан тергөөнү алып... Борбордо тергөөчүлөрдүн саны тартыш болуп жатат. Статистикалык маалыматтарга токтолуп өтсөм, бир тергөөчү нөмөөттө турганда бир күндө 50дөй арыз түшөт экен. Ошол эле убакты бир айда Бишкекте тергөөчүлөргө 15 миңдей арыз түшөт. Бир күндө бир тергөөчү 50 арызды кароо мүмкүн эмес. Бул маселени карап берсеңиздер" деп кайрылды депутат.
Ал кошумчалагандай тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү менен тергөөнүн сапаты жакшырат жана элге жеңилдик болмок.