Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Мамлекет башчысы айыл тургундары менен саламдашып, бүгүн кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары, ал үчүн дагы – баардыгы үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.
Ошондой эле өлкө башчы жаңы айылдын түптөлүшү Кыргызстан үчүн символикалуу көрүнүш экенин баса белгилеген.