Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы 126 миллион сомдук Маданият үйү 0,62 гектар жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан Маданият үйү жеке пайдаланууга берилген. Кийинчерээк мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен.
УКМК жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти өкөрүп бергенин кошумчалады.