Азербайжан Палестинанын эркиндигин жактайт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаска улуттук майрамдан улам куттуктоо катын жөнөттү. Ал азербайжандыктардын атынан бүткүл Палестина элине чын ыкластуу каалоолорун билдирген.

Алиев Азербайжандын Палестинанын эркиндик жана эгемендүүлүккө болгон умтулуусун ар дайым колдоп келгенин ырастады. Мамлекет башчы өлкө чыр-чатакты "эки мамлекет" принцибинин негизинде тынчтык жолу менен чечүүнү жактай турганын белгиледи. Алиевдин айтымында, Палестина мамлекетинин борбору Чыгыш Иерусалимде болушу керек.

Мындан тышкары Азербайжан Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта турганын баса белгилеген. Бул колдоо БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыш агенттиги аркылуу да, эки тараптуу негизде да көрсөтүлүүдө.

"Алиев Азербайжан менен Палестинанын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан