Орусиянын Сахалин обусунда мигранттар үчүн 24 тармакта иштөөгө тыюу салынат

Орусиянын Сахалин облусунун бийлиги мигранттарга 24 тармакта иштөөгө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жана облус губернатору Валерий Лимаренко билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, чет өлкөлүк жарандар нан өндүрүү, тамак-аш сатуу, ресторан жана тамак-аш жеткирүү, мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүү мекемелеринде, күзөт кызматында, такси жана айдоочулук кызматында иштей албайт. Ошондой эле автоунааларды ижарага алууга тыюу салынат.

Мындан тышкары мигранттарды жумушка чакырган ишкерлер да жазалана тургандыгы айтылган.

Чектөөлөрдү сактабаганы үчүн юридикалык жактарга ар бир чет өлкөлүк кызматкер үчүн 1 миллион рублга чейин айып салынат. Жарлык 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Орусиянын башка аймактарында да чет элдик жарандар үчүн иштөө чектелген. Алардын арасында Калининград, Липецк, Новосибирск, Курск, Омск, Иркутск жана Воронеж облустары бар. Ал эми өткөн жылдын соңунда Тула, Челябинск, Магадан, Калуга, Тюмень, Курган жана башка облустарда мигранттарды жумушка алууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан