Кечээ, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы бардык тармактарда алгылыктуу жумуштар жасалып, калктын жашоо-шартын жакшыртуу багытында сезилээрлик жылыштар байкалып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал жакынкы убакта башталуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу да план боюнча мына ушул аймактан өтөрүн айтты. Бул ири долбоордун ишке ашуусу менен туңгуюктагы Тогуз-Торо району өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң аймактардын бирине айлана тургандыгын кошумчалаган.
Мындан тышкары өлкө башчысы Тогуз-Торо районундагы “Казарман” аэропорту толук реконструкциядан өткөрүлгөнү жашоочулардын жол азабы жеңилдетип, элдин эки жакка каттоосу бир топ жакшырат деген ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров мамлекет өлкө боюнча сугат суусуна өзгөчө көңүл буруп, каналдарды тазалоо, суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу, БСР, БДРлерди куруу иштерин колго алып жатканын белгиледи.
Андан соң Мамлекет башчысы кызыккан суроолорун бериш үчүн жергиликтүү тургундарга сөз берди. Жергиликтүү тургундар негизинен бала бакчаларды ачуу, таза суу менен камсыздоо, туруктуу интернет байланышы, ички жолдорду жакшыртуу жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, алар боюнча Садыр Жапаров президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге тиешелүү тапшырмаларды берди.