Бишкекте жол эрежесин бузуп, милициянын кайгуул кызматкерлерине асылган айдоочуга партокол түзүлдү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тасмада көргөндөй кайгуул кызматкерлери кыймыл бир тапатуу болгон жолдо эреже бузуп айдаган унааны токтотуп, тийиштүү документтерин сураган. Анда айдоочу тааныштарына чалып, кызматкерлерди коркутууга алган.
Ошондой эле өзүн айдоочунун досу катары тааныштырган жүргүнчү, кызматкерлерге асылып, "бир шапалактан чыкпайсын" деген сөздөрдү айткан. Мындан тышкары жумуштан кол жууп калышы мүмкүн экендигин эскерткен.
Жыйынтыгында жол эрежесин бузган айдоочуга эки протокол түзүлгөн.