Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 4 миллиондон ашык кыргызстандыктар катышат

Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анын ичинде эркектер - 2 миллион 528, шайлоочулардын 48,38 пайызын түзөт. Ал эми аялдар - 2 миллион 134 миң 511 болуп, 51,62 пайызды камтыйт.

Ошондой эле өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн 9050 жаран арыз берсе, алардын 72 пайызы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн. Арыз бергендер арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары жана вахталык режимде иштегендер бар.

Шайлоочулардын тизмеси боюнча маалымат менен «Тизме» мамлекеттик порталында таанышууга болот.

БШК шайлоо участогун издегендерди 1255 же 119 номерлерине байланышууга чакырат. Паспорттогу ПИН номерин жазып 119 номерине SMS жөнөтүү аркылуу текшерсе ла болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан