Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берди

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы борбор калаадагы №1046 шайлоо участогунда добуш берди.

Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды. Ошондой эле шайлоо участоктору саат 20:00гө чейин иштей турганын эске салып, жарандарды шайлоого убакыт таап, катышууга чакырды.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге кезексиз шайлоо президентин 6-сентябрындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы менен дайындалган.

Белгилей кетсек, шайлоо 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерде өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан