Бишкек шаарындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого добуш берген соң, президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Анда мамлекет башчысы өлкөдөгү шайлоо системасы оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгилеген.
“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды”, - деп билдирген президент.
Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.
“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү”, - деп жыйынтыктаган өз сөзүн Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы борбор калаадагы №1046 шайлоо участогунда добуш берди. Кыргызстандыктар бүгүн, 17-ноябрда 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлдөрүн шайлашат.