Кыргыз киносунун күнүндө кинотаануучу Каарман Ашимов эскерилди

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргыз киносу жана кинематографисттер күнү белгиленди. Бул туурасында Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, иш-чаранын алкагында белгилүү киночулар жана кино таануучулар, айрыкча, кыргыз кинематографиясынын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон Каарман Ашимовдун эмгектери эскерилди. Конокторго анын чыгармачылыгына арналган көргөзмө сунушталды. Ошондой эле кыргыз киносунун тарыхында өзгөчө орунду ээлеген белгилүү тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов сөз сүйлөп, бардык кинематографисттерди майрамы менен куттуктады. Министр өз сөзүндө кино өнөрүн өнүктүрүү — бул өлкөнүн маданият чөйрөсүндөгү негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан