Астанада эки кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 4 жашы жете элек бала каза болду

Казакстандын Астана шаарында эки кабаттуу турак үйдү тилсиз жоо каптап, 4 жашы жете элек бала каза болду. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, өрт үйдүн чатырынан чыгып, анча-мынча түшкөн урандылар чыгуу багытын бөгөттөп койгон. Анын натыйжасында 2,3,9 жана 13 жаштагы балдар үйдө камалып калып, каза тапкан.

Жергиликтүү бийлик балдардын жакындарына психологдор жардам берип жаткандыгын белгилеп, материалдык жактан да жардам бериле тургандыгын кошумчалаган.

ӨКМдин Астанадагы кызматы учурда өрттүн келип чыгуу себептерин тактап жаткандыгы маалыматта кошумчаланган. Ошондой эле өрт боюнча кылмыш иши да козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан