Жергиликтүү кеңешти шайлоо: Бишкек боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, калаада 642 071 шайлоочунун 128 318и (19,99 пайызы) добуш берди.

АЭУнун алдын ала маалыматы боюнча (17-ноябрь саат 20:00гө карата) Бишкек шаарындагы партиялар төмөнкүдөй добуштарды алышты:

  • Адилет партиясы - 18 297 добуш же 15,09 пайыз;
  • “Жаңы күч – Новая сила” партиясы – 36 623 добуш же 29,38 пайыз;
  • Ынтымак партиясы – 17 063 добуш же 14,07 пайыз;
  • Эмгек партиясы - 26 687 же 22 пайыз;
  • Эл үмүтү партиясы - 13260 добуш же 10,93 пайыз;
  • “Улуу Журт” партиясы 1619 добуш алды 1,34 пайыз;
  • “Баарына каршы” позициясы 8686 добуш алды, 7,16 пайыз.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Анда жалпы 2437 добуш берүү участкасы ачылды. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутатты жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлүн шайлашты. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9996 талапкер катталган.
Республика боюнча шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Анын ичинен 1 миллион 150 миң 931 (27,83 пайыз) адам добуш берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан