Түркия Израилдин президентинин учагы үчүн аба каттамын жапты

Түркия Израилдин президенти Ицхак Герцогдун учагына аба мейкиндиги аркылуу Азербайжанга өтүүсүнө уруксат бербей койгон. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезитинин маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин Тель-Авив Герцогдун БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияга катышуу сапары коопсуздук себептерден улам токтотулганын билдирген. Бирок расмий Баку анын сапары Анкара аба мейкиндиги аркылуу өтүүсүнө тыюу салгандыктан токтотулганын маалымдаган.

"Тилекке каршы, бир нече күндүк сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Азербайжан климат боюнча конференцияга бардык тараптардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берди. Бирок Израилдин президентинин визитине байланыштуу кырдаал биздин өлкөгө көз каранды болбогон себептерден улам пайда болду", - деп айтылат Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражалуу кызматкеринин сөзүндө.

Эске салсак, 13-ноябрда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган өлкө Израил менен мамилесин үзгөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан