"Сатып ал да белектерди ал!": Globus, SPAR, "Достор" жана "Народный" дүкөндөрүнөн белектер

Globus, SPAR, «Достор» жана «Народный» дүкөндөрүнөн белектер “Умай Групп” кайрадан сүйүктүү кардарларын күздүн жана кыштын суук күндөрүндө ыңгайлуу жана мыкты маанай тартуулай турган белектер менен кубандырат.

Globus, "Достор", "Народный" жана SPAR дүкөндөрү көптөн бери миңдеген кыргызстандыктар үчүн сүйүктүү соода жайына айланган. Бул жерде сиз ар дайым ыңгайлуу баада жогорку сапаттагы буюмдарды таба аласыз. Жаңы акция "Сатып ал жана байгелериңди алып кет!" ар бир сатып алууну ого бетер жагымдуу кылып, көптөгөн байгелерди утуп алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет!

Кантип акциянын катышуучусу болууга болот?

2024-жылдын 18-ноябрынан 2025-жылдын 31-январына чейин “Умай Групп” дүкөндө тармагынын тиркемеси аркылуу 500 сомдон жогору товар сатып алыңыз. Ар бир мындай сатып алуу сизге утушка катышуу үчүн купон берет. Канчалык көп купон болсо, утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот! Жеңүүчүлөр ар эки жумада аныкталып турат.

Эмнелерди утуп алууга болот?

  • 5000 бонус үчүн беш сертификат;
  • 10 000 бонус үчүн беш сертификат;
  • 10 000 сомдук азык-түлүк топтомдору;
  • тиричилик техникасы, анын ичинде робот чаң соргучтар, мультиваркалар, аба тазалагычтар, LG жана Xiaomi сыяктуу бренддердин сыналгылары жана микротолкундуу мештери.

Финалдык утуш 3-февралда өтөт. Негизги байгелерге: iPhone 16 PRO, Dyson Supersonic, Haier муздаткычы жана Samsung кир жуугуч машинасы кирет. Лотереянын толук эрежелерин жана товарлардын тизмесин көрүү үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

“Умай Групп” өлкөдөгү эң ири компания-ретейлер. Бүгүнкү күндө ал Globus, SPAR, "Народный" жана "Достор" төрт түйүндөрүнүн дүкөндөрү менен супермаркеттерин башкарат. "Умай Групптун" бүгүнкү күндө 130дан ашык дүкөнү жана 65 миң чарчы метрден ашык соода аянты бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан