Жергиликтүү кеңешти шайлоо: Ош шаары боюнча алдын ала жыйынтык

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча (17-ноябрь саат 20:00гө карата) Ош шаарындагы шаардык кеңешке шайлоодо «Жаңы Кыргызстан» партиясы алдыда келе жатат. Аталган партия 23 783 (43,36 пайыз) добуш алган.

Ал эми калган партиялар АЭУнун алдын ала маалыматы боюнча төмөндөгүдөй добуштарды алышты:

  • Ынтымак партиясы 10 982 (20,02 пайыз)
  • "Мурас" партиясы 8309 (15,15 пайыз)
  • “Бир бол” партиясы 5350 (9,75 пайыз)
  • “Милдет” партиясы 5704 (10,4 пайыз)
  • "Баарына каршы" позициясы 728 (1,33 пайыз)

Эске салсак, өтүү үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Ош шаарында бардык партиялар бул босогодон өттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо болуп өттү. Анда жалпы 2437 добуш берүү участкасы ачылды. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутатты жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлүн шайлашты. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9996 талапкер катталган.
Республика боюнча шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Анын ичинен 1 миллион 150 миң 931 (27,83 пайыз) адам добуш берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан