Эрдоган Газадагы кырдаалды чече албаганы үчүн БУУну сынга алды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бириккен улуттар уюмун (БУУ) сынга алып, бирикме дүйнөдөгү чыр-чатактардан чыгуунун жолун таба албай жатканын айтты. Ал бул тууралуу чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Бразилияга барып, өлкөнүн президенти Лула да Силва менен болгон жолугушуусунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жолугушууда эки мамлекеттин карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралган.

"Президент Эрдоган БУУ дүйнөдө, өзгөчө Газада болгон кагылышууларды алдын ала албай жатканын айтып, Бразилиянын чоң жыйырмалыкка төрагалык кылуу учурунда бул теманы күн тартибине киргизүүнү белгилеген" - деп айтылат түрк президентинин маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан