Мексикада өткөн "73-Аалам сулуусу" сынагы аяктады. Ага 130 өлкөнүн өкүлдөрү ааламдын сулуусу аталуу үчүн күч сынашты.
Бул жолу "Аалам сулуусу-2024" сулуулар сынагын Даниянын өкүлү, 21 жаштагы Виктория Кьер Тейлвиг жеңип алды. Виктория бул сынакты уткан биринчи даниялык кыз болду.
Ал эми 1-орундун ээси Нигериянын өкүлү Чидимма Адетшина болду. Мелдеште мексикалык Мария Фернанда Белтран 2-орунду алды. 3-орунду таиланддык Сухати Чуангсри багындырса, андан кийинки орунду Венесуэладан келген сулуу Илеана Маркес ээледи.
Тилекке каршы, Кыргызстандын атынан барган Майя Турдалиева финалга чыга албай калды.
Аталган сынактын максаты – эң сулуу айымды тандоо гана эмес, маанилүү социалдык маселелерди талкуулоо аянтчасы да боло алды. Анда катышуучулар глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган социалдык долбоорлорду тартуулашат.
"Аалам сулуусу" сынагы – "Жер сулуусу", "Дүйнө сулуусу" жана "Miss International" сыяктуу ири сынактардын бири болуп саналат.