Мадриддик “Реалдын” жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кезектеги сыйлыгын Португалиянын президенти Анибал Каваку Силванын колунан алат. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда мадриддик клубдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, футболчу өз өлкөсүнүн желегин чет жерлерде желбиретип жаткандыгы үчүн жана өсүп келаткан жаш муунга үлгү көрсөтүп жаткандыгы үчүн падыша Генрих ордени менен сыйланат. Сыйлык тапшыруу аземи 6-январда орун алат.