Биз социалдык тармакта

Казакстанда газ баллон жарылып, үч адамдын өмүрүн алды

Казакстандын Акмола облусунда мурдагы мечиттин имаратында газ баллон жарылып, үч адам каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, кечээ, 17-ноябрда Коргалжын районунун Сабынды айылында газ-аба аралашмасы жарылган. Имаратта жети газ баллон болгон.

"Ал эми кырсыктан 46 жаштагы эркек киши, 41 жаштагы аял жана 12 жаштагы бала каза болгон. Алардын сөөгү урандылардын астынан табылган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары 16 адам жабыркап, бардыгы Астана шаардык ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан